Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында унаа гаражда күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 19:20 чамасында Коенкозов көчөсүндөгү гараждан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү тобу тартылган.

Саат  20:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен “Infiniti” үлгүсүндөгү жеңил унаа жана гараж күйүп кетти.

Учурда өрттүн себептери, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: