Кореяда жашаган мекендештер Баткен окуясы боюнча нааразылык акциясына чыгышты (Видео)

109

Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар 10-майда Тажикстандын Сеулдагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жайкын тургундар набыт болгонун айыпташты.

Акциянын катышуучулары колдоруна чек ара чырында каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын, прапорщик Бекзод Юлдашевдин сүрөттөрүн көтөрүп турушту.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь