Садыр Жапаров Россияга барат

202
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров май айынын аягында Россияга иш сапары менен барары макулдашылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө бүгүн Жапаров Россия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.
“Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат”, — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Россия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулашканы белгилүү болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь