Ысык-Көлдө унаа уурдаган өспүрүмдөр кырсыкка учурап, бирөөсү каза болду (Видео)

160
Каракол шаарында жашы жете элек балдар унаа уурдап, андан соң кырсыкка кабылды. Бул фактыны Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Алардын маалыматы боюнча, 6-майда Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 36 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 5-майдан 6-майга караган түнү белгисиз адамдар үйдүн жанында токтоп турган «Фольксваген-Пассат» унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул билдирүү боюнча «Колго түшүрүү» планы киргизилген.
Бул факт Каракол ШИИБ тарабынан “Автотранспорт каражаттарын уурдоо” беренеси боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө Ак-Суу районунун Жолколот айылындагы Панорама участкасынан «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган абалда табылган. Кырсыктын кесепетинен 15 жаштагы Ю.Р., 15 жаштагы С.Д., 14 жаштагы И.А. жана 13 жаштагы М.К. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаткырылды.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдөр арыз ээсине таандык «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унааны уурдап, Панорамага барып, жол кырсыгына кабылганы аныкталды.
9-майда унаа уурдоого катышкандардын бири — 13 жаштагы М.К. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Булак: “Турмуш кж

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь