Эмомали Рахмон Жапаровду жана кыргыз элин Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

142

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь