Уйдун кыгын бүт денесине сүйкөп. Индиялыктар коронавирустан сактануунун жаңы ыкмасын ойлоп табышты (Сүрөт)

540

Индиядагы дарыгерлер коронавирустан дарылайт деген ишеним менен уйдун кыгы пайдаланылып жатканына тынчсызданып жатышат.

Медиктер бул жолго барган адамдар башка жугуштуу ооруларга кабылуу коркунучу бар экенин эскертүүдө. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Аларга шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Индиянын батышындагы Гуджарат штатындагы айрым жарандар уйлар багылган жайга жумасына бир ирет барып, уйдун заңын бүт денесине сүйкөп жатышат. Бул коронавируска каршы иммунитетти жогорулатып, андан айыгууга көмөктөшөт деген ишенимдери бар.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь