Казандагы каргашалуу окуяга чейин адамдар куралчан жигиттин көчө кезип жүргөнүн көрүшкөн

254

Казандагы гимназиядагы каргашалуу окуядан кийин, адамдар окуя болгон жерге чогулуп, гүл коюшууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар кабарлады.

Каза болгондордун арасында жети окуучу жана No 175 мектептин англис тили мугалими Эльвира Игнатьева болгон.

Кийин белгилүү болгондой, мектепке кол салуу болгонго чейин бир нече адам шаардын көчөлөрүндө курал көтөрүп жүргөн жигитти көрүшкөн. Бирок аны эч ким токтоткон эмес.

Мектепке кирип, адамдарга ок чыгарардан мурун, жигит телеграмма каналын ачып, кыргын жөнүндө билдирүү жарыялаган. Ал өзүн “Кудай” деп эсептээрин  жана “каптап кеткен биологиялык калдыктардан арылгысы” келгени тууралуу жазган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, мектепте ок атууну шектүү жалгыз өзү уюштурган. Ошондой эле ал өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине берилген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь