Ош шаардык кеңешине шайлоодо административдик ресурс колдонулганы аныкталды (Видео)

220

Кечээ, 11-апрелде өткөн Оштогу шаардык кеңештин депуттарын шайлоодо добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы айрым шайлоо тилкелеринде, жокко чыгарылды. Буга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоонун жокко чыгарылышынын бир нече себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын саны менен шайлоонун жыйынтыгы дал келген эмес.

“11-апрелдеги дайындалган Ош шаардык кеңешинин депуттарын шайлоосунда добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы айрым шайлоо тилкелеринде, жокко чыгарылды. БШКнын чечими менен ага төрт, беш негиз эсептелет. 

Биринчиси шайлоо мыйзамдарында 36-беренеде көрсөтүлгөн, автоматтык көрсөткүчү бар урнадан алынган блютендердин саны менен шайлоочулар идентификация өткөн чектер дал келиши керек же болбосо блютендер аз чыгышы керек. Ошондо туура болуп эсептелет. Эгерде бир блютенге көп болуп калган болсо, эмне үчүн көп болгондугунун себеби иликтеп чыгарылат. Эгерде себеби табылбаган болсо, ошол шайлоо тилкеси бүтүндөй жокко чыгарылат.

Экинчиден шайлоочулардын массалык түрдө катталуусу себепчи болду. Мындан сырткары айрым бир талапкерлер, шайлоо тилкелеринде жүргөндүгү аныкталган. Ош шаарынын вице-мэри кечке чейин белгиленген шайлоо тилкелеринин биринде тиешелүү көрсөтмөлөрдү бергендиги да аныкталды”, – деди Бекматов.

Эскерте кетсек, 11- апрелдеги Ош шаарында өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо күнү, айрым шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар болуп жаткандыгы тууралуу күбөлөр айтып чыгып, видео-сүрөттөрдү жүктөшкөн болчу.

Мындан тышкары,  шайлоого чейин эле Ош шаарындагы жергиликтүү шайлоого катыша турган 6 партия бир партиянын административдик ресурсту колдонуп жаткандыгына айыптап, ага байланыштуу нааразычылыгын билдирип, өз алдынча меморандум түзүшкөн. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ош шаарында “Ата журт Кыргызстан” партиясы – 48, 83%, “Улуттар биримдиги” элдик партиясы – 17,81% добушка ээ болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь