“Тажикстандын фуралары контрабандалык жол менен өтүп жатат”. Баткен эли нааразы болушту (Видео)

147
Баткен облусунда жергиликтүү калк Тажикстанга ташылып жаткан контрабанданы токтотуу боюнча өздөрү чара көрө башташты. Кечээ социалдык тармактарда Тажикстанга таандык үч фураны Кыргызстандын кайгуул кызматкерлери коштоп бара жаткан видео чыккан. Ызырынган жергиликтүүлөр бул унааларды токтотуп өткөрбөйбүз деп турганда,”орган кызматкери” деген эркек киши адамдар менен мушташып кеткенге чейин барды.
Кийин Баткен облустук милициясынан билдиргендей, Баткен облусунун кире бериш аймагынан кармалган Тажикстандын 3 фурасы 4 күндөн бери, чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган. 11-май күнү кармалган 3 фураны Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg)

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь