Шерадил Бактыгулов: “Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузууга тиешеси бар адамдар жооп бериши керек”

140

Кечээ, БШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Ага ылайык, шайлоо учурунда мыйзам бузгандардын жоопкерчилигин талкуулап жатып, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Элдик Медиа” маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

“Түштүк борбордун мэринин жоопкерчилигине токтолсок, эгерде мэр административдик ресурсту колдонууга салым кошкону же катышкандыгы далилденсе, анда бул кылмыш иши катары бааланып, ири өлчөмдө айып пул салынат же эркинен ажыратылат”.

Шерадил Бактыгулов белгилегендей, ЖКнын депутаттары дагы өз пикирлерин билдире алышат, анткени түштүк борбордун мэри Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү.

«Ош шаарынын мэри Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү гана эмес, ал ошондой эле министрлер кабинетинин деңгээлиндеги иш-чараларга катышкан өлкөнүн эң ири тогуз лидеринин бири. Бул Кара-Балта шаарынын же Токмоктун мэри эмес. Эскерте кетсем, күзүндө шаардык кеңешке гана эмес, парламентке да шайлоо болот. Эгерде мэр өткөн шайлоолордо админресурс колдонгон болсо, анда суроо туулат, кийинки шайлоо өнөктүктөрүндө дагы ушундай көрүнүш кайталанабы деген? Бул суроолор албетте коомчулукту тынчсыздандырат.

Ушундай себептерден улам, Ош шаарындагы шайлоо жыйынтыктары жараксыз деп табылды, анткени алар мыйзамдарды одоно бузуу менен өткөн. Буга тиешеси бар адамдар жооп бериши керек. Эми биз ушул багытта иштешибиз керек, бирок БШКнын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, БШК мүчөлөрү ошол эле Башкы прокуратурага укуктук баа берүү үчүн гана кайрыла алышат”, – деп баса белгиледи саясат таануучу.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь