Үрөй учурган окуя! Бишкекте чак түштө кызды зордуктап, апасы менен кошо бычактап кетишти

315

Бишкек шаарындагы жеке турак жайлардын биринен аялдын жана анын кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришкен.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-майда саат 13:00 чамасында Ибраимов жана Жибек Жолу көчөлөрдүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде эки аялдын сөөгү табылды. Алардын бири болжол менен 60 жашта, экинчиси 25-30 жашта.

Милиция 60 жаштагы аял жана анын 31 жаштагы кызы өлтүрүлгөнүн аныктады. Алар алкоголдук ичимдиктерди ичишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 31 жаштагы кызды алгач зордуктап, андан кийин энеси менен кошо бычактап өлтүрүшкөн.

Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.

Кийинчерээк туугандары редакцияга телефон чалып, алар ичпегенин айтышкан.

“Апасы катуу ооруп жаткан, уулу дарылатуу максатында акча табуу үчүн чет өлкөгө кеткен. Ден соолугуна байланыштуу иче албай калган”, – деп белгилешти туугандары.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь