ЖКнын депутаты Аккулу Бердиев: “Жергиликтүү бийликтердин шалаакылыгынан улам, шайлоо ыплас өтүп жокко чыкты”

163

“Шайлоодо жергиликтүү бийликтердин таасиринен улам мыйзам бузуу көп болду”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев “Элдик Медиага” билдирди.

“Жергиликтүү бийликтердин шалаакылыгынан улам үч шаардык кеңештин шайлоосу ыплас өтүп жокко чыкты. 4-октябрда болгон төңкөрүштүн бирден бир себеби дагы, жергиликүү бийликтердин шайлоого кийлигишүүсүнөн болгон. Өткөндөн сабак албай кайра эле өзүм билемдик менен шайлоого таасир этишинен улам, Ош шаардык кеңешинин шайлоосу жокко чыкты. Демек шаардык кеңештин жыйынтыгы жокко чыгышы бул туура кадам болду. Кийин шайлоо таза өтүш үчүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин караш керек. Себеби булар бийликке жакшы көрүнөм деп аша чаап кетип жатышат”, -дейт депутат.

Эл өкүлү ошону менен эле бирге ыплас өткөн шайлоону жокко чыруу биринчи жолу болуп жаткандыгын белгилеп, Президент туура кадамдарга барып жаткандыгын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь