Жээнбеков Мелис Аспековду сотко бере турганын айтты

262
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров камакта жаткан активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганы айтылган.
“Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга жан далбас уруп жатканы кимге болбосун түшүнүктүү. Бул максатта Аспеков жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен элди алаксытууга аракет кылууда. Жалаа жапканы үчүн аны сотко беребиз”, – деп айтылат билдирүүдө.
УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына акыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп өзүнүн бир нече фактыларын келтирген.
Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь