“Шайлоодо болгон мыйзам бузууларга, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин түздөн-түз тиешеси бар”. Мындай пикирин “Улуу Журт” партиясынын төрагасы Мирлан Орозбаев билдирди.
Анын айтымында Ош шаарындагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп көрбөгөндөй ыплас өтүп, админресурс колдонулган.
“Ошто 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп көрбөгөндөй ыплас өттү, админресурс чегинен ашыкча колдонулду. Шайлоонун мындай деңгээлде ыплас өтүшүнө, вице-мэр жана жергиликтүү күч органдары бардыгы биригип, Сарыбашевдин тапшырмасы менен иш аракет кылышканында. Башка кызматкерлерди кысымга алынышына, акчалардын сарпталышына, бирден бир күнөөлү инсан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев”, – деди ал.
Эскерте кетсек борбордук шайлоо комиссиясы учурда үч шаардын шайлоосунун жыйынтыгын жокко чыгарды. Алар Ош, Бишкек жана Токмок шаарлары.