Бүгүн, 15-майга караган суткада Кыргызстандын аймагында COVID-19 илдетинен дагы 8 адам каза тапты.
Алар:
– Бишкек шаарында 4 бейтап;
– Чүй облусунда 3 бейтап;
– Талас облусунда 1 бейтап.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1695 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен көз жумган.