Европа өнүктүрүү банкы Кумтөрдүн айланасындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты

145

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстан парламенти эртең, 17-майда «Kumtor Gold Company» компаниясын мамлекетке өткөрүү жараянын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгилеп, тынчсыздануусун билдирген кайрылуу таратты.

Европа өнүктүрүү банкынын билдирүүсүндө “бул сыяктуу чечимдер Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн жана чет элдик инвесторлорунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна шек жаратат” деп айтылат. Банк муну өлкө экономикасын калыбына келтирүүдө жана инвесторлордун иштеши үчүн кооптонууну пайда кыла турган тобокелчилик экенин белгилейт.

“ЕРӨБ өз акционерлери, башка эл аралык каржы институттар жана чет өлкөлүк, ата мекендик ишкерлер менен биргеликте тыгыз иштеп, мындай аракеттердин терс таасирине алардын көңүлүн буруу жана реакциясын жумшартуу боюнча иш алып барат”, – деп айтылат кайрылууда.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы кыргыз бийлиги менен биргеликте инвестициялык абалды жана калктын жашоосун жакшыртууну көздөй турганын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь