Кыргызстандын Россиядагы элчиси Мамдумага аттанган Кубанычбек Кожоевди кабыл алды

60
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Бүткүл Россиялык “Кыргыз Конгресси” Коомдук Уюмунун Президенти Кубанычбек Кожоевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россиядагы мекендештердин эне тилин жана маданиятын сактоо, мигранттарды орус коомуна интеграциялоо жана адаптациялоо үчүн маданий борборлорду түзүү, кыргыз жаштарынын келечеги, билим берүү, спорт жана искусство, мигранттардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо сыяктуу маселелерди талкуулашты.
Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу маданий-гуманитардык мамилелердин кызыкчылыгы үчүн өз ара аракеттенип, 2021-жыл менен тушташ биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышкан. Мындан тышкары, К.Кожоев элчиге Россиянын 80 шаарындагы Кыргыз Конгрессинин учурдагы иши жана “Единная Россия” партиясы менен өз ара аракеттери жөнүндө маалымат берди.
Партиянын колдоосу менен эгемендүүлүктүн 30 жылдык тарыхында биринчи жолу кыргыз этносунун өкүлү Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Элчи Г-К.Самат Кубанычбек Кожоевге алдыдагы шайлоодо ийгилик каалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь