Момбеков: “Октябрь окуясына чейинкилердин баары чыккынчы, андан кийинкилердин баары таптаза болуп калабы? ” (Видео)

496

“2020-жылдын октябрь айында келген бийликти актап, калгандарынын бардыгын Кыргыз Республикасынын чыккынчысы катары сыпаттап салдык”. Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 17 -майда «Кумтөрдүн» ишмердигин карап жактан комиссиянын отчетун угуп жатып, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

” “Кумтөр” боюнча эксперттердин эмгегин өзгөчө баалап коюш керек. Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң доону табып чыкты. Булар боюнча каршы пикирим жок. Ал эми комиссиянын корутундусунда аша чапкан, аныкталбаган жерлер көп экен. Тарыхый документте көп адамдардын тагдыры, мамлекеттин тагдыры да чечилет. Бардыгыбыз жакшы билебиз, Кумтөрдүн кумга сиңген алтындарын, эң негизгиси эки эле келишим болгон, элдин башын бурмалабай ачык айталык. 2003-жылы инвестициялык келишимдер боюнча чечим, андан кийин 2009-жылы конституция боюнча кабыл алынган чечим. Ал эми бул токтомдо 2020-жылдын октябрь айында келген бийликти актап, калгандарынын бардыгын Кыргыз Республикасынын чыккынчысы катары сыпаттап салдык. Чыкынчы деп атап да салдык, бирок алардын чыккынчы деген аныктамасы жок, чыккынчы деп бир гана сот аныктама берсе керек. Мен ушуга нааразымын ошол үчүн биз, 2020-жылдын октябрынан алышыбыз керек, ага чейинкилердин баары чыккынчы болуп, андан кийинкилердин баары таптаза болуп калабы? “, -дейт эл өкүлү. 

Эскерте кетсек, 12-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия Канаданын «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталганын билдирген.

Ошондой эле «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан  чыгып кеткени белгилүү болгон.

Бишкектин райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын келтирилген зыяндары үчүн 3 млрд доллар өлчөмүндө айыпка жыккан. Ага чейин Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды.

15-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Бишкектеги кеңсесине тинтүү жүргүзүлгөнү айтылды.

16-майда «Кумтөр» кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) Кыргыз Өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь