Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы кызматынан кетти

961

Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал, өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Урматтуу достор, кесиптештер, журналисттер!
Бүгүн менин Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп иштегенимдин акыркы күнү.
Мен Садыр Нуркожоевич менен жакшы адамдык мамиледе экенибизди ишендиргим келет. 
Президент Садыр Жапаров менен биргеликте жана сиздер менен бирге биз оор жолду басып өттүк, бир нече олуттуу соккуларды баштан өткөрдүк. Бул менин жашоомдогу эң окуялуу жана чечүүчү мезгилдердин бири болгон деп жоопкерчилик менен айта алам.
Баарыңыздарга – менин кесиптештериме, журналисттерге, блогерлерге, колдоо көрсөткөндөргө, кам көргөн жарандарга жана сын айтып күмөн санагандарга ыраазычылык билдирем!”, – деп билдирди Байтерек.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь