Ошто пара алуу фактысы катталган бир нече аймактык шайлоо тилкелери белгиленди

128

Буга чейин, Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Анткени участкалык шайлоо комиссиялары жана жергиликтүү бийлик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, өз билемдик менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы иш алып барышканы айтылган.

Ал эми Ош шаарында өткөн шайлоо боюнча 170 арыз түшүп, 27 шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Ошондой эле, БШКнын “Добуш берүүнүн жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө” токтомунда шайлоочулардын пара алуу фактысы катталган бир нече аймактык шайлоо тилкелерин белгиледи.

Жалпысынан билдирүүлөрдүн саны 13кө жеткен. Алар төмөнкү УШКларга тиешелүү: No 5278, 5283, 5305, 5309, 5311, 5313, 5316, 5551, 5559 жана 5905.

Видеоматериалдарга ылайык, Ош шаарындагы бир катар участоктордун жанында шайлоочулардын тизмесин жүргүзгөн адамдар (No 5283, 5305, 5310 жана 5558) катталган шайлоо участоктору, ошондой эле шайлоочуларга белгилери бар коргоочу беткаптарды таратуу аныкталган (№ 5278 )номерлүү шайлоо участогу аныкталды.

БШК бардык мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь