“Центерра Голд” Жогорку Кеңештин сырттан башкаруу киргизүү чечимине жооп берди

92

Канададагы “Центерра Голд” компаниясы Жогорку Кеңештин “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизүү боюнча чечимине жооп берди. 17-майдын кечинде жарыяланган билдирүүдө кыргыз парламентинин соңку чечими “Центерра” менен “Кумтөр Голд Компанинин” укуктарына, кыргыз өкмөтүнүн узактан берки келишимдердин алкагындагы милдеттемелерине каршы келери белгиленген.

Ошондой эле кыргыз бийлиги өз өкүлдөрүн кенге, “Кумтөр Голд” ишканасына жана айрым кызматкерлеринин үйлөрүнө жөнөтүү менен 15-16-май күндөрү Кумтөр алтын кенине өз көзөмөлүн орноткону жазылган.

“Жыйынтыгында “Центерра” мындан ары Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калды жана кендеги кызматкерлердин же андагы операциялардын коопсуздугун камсыз кыла албайт. Өкмөт көзөмөлдү колго алардан бир аз мурда бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалары кынтыксыз иштеп жаткан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бирок канадалык компания кыргыз өкмөтүнүн “мурда болуп көрбөгөн аракеттеринен улам” “Кумтөр Голд” ишканасынын Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин “Центерранын” глобалдык IT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенин, бул чечим системага кимди бирөөлөрдүн уруксатсыз кирүүсүн алдын алуу үчүн жасалганын кошумчалады.

Ошондой эле “Центерра” Кыргызстандын өкмөтүн Кумтөрдөгү жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылууга, документтерди же компьютерлерди тартып алуу жана “Кумтөр Голд” ишканасынын кызматкерлерин коркутуу сыяктуу кадамдардан оолак болууга чакырган. Мындан тышкары кыргыз тарап менен конструктивдүү диалог курууга даяр экенин, бирок маселени Эл аралык арбитражга чыгарууга аргасыз болуп жатканын белгилеген.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь