БШК мүчөсүнүн уулу “Эмгек” партиясынан талапкерлигин койгон

176
БШК мүчөсү Акылбек Сариевдин уулу Бактыяр “Эмгек” партиясынан Бишке шаардык кеңешине талапкерлигин койгон. Бул тууралуу бүгүн 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты, буга чейин бул факт жашырылган.
Ал эми саясий уюмдан билдиргендей, 34-тизмеде турган партиялашы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн жакын тууганы экендигин билишкен эмес.
“1-майда Бактыяр Сариев аны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз берди”,- деп билдиришти партиядан.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы дагы деле болсо кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь