Тажикстандын Гафуров районунун башчысы менен Лейлектин акими жолукту

182
18-майда, саат 17:00дө Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү.
Район башчылары 29-30-апрелде куралдуу кол салуудан пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн, жакынкы аралыкта байланышууну макулдашышты.
Ошондой эле чек ара аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн, чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь