Дүйнө элин кайгыга салган пандемия Кыргызстанда да өз кулачын жайганда, алгачкылардан болуп мед айымдар баштапкы соккуга төштөрүн тосушту. Алардын бири борборубуздун 6-шаардык клиникалык ооруканасынын улук медайымы Мусаева Екатерина. Ишинде дасыккан адис, үйдө мээримдүү эне жана сүйуктүү жубай боло алган Екатерина Саламатовна дээрлик 45 жыл ооруканада эмгек өтөгөн.

2021-жылы 15-февралда коронавирус илдетинен улам каза тапкан медайым Екатерина Саламатовна үй-бүлөсүнүн эсинде бийик баалуулуктары менен калды.

“ Биз Екатерина экөөбүз 40 жыл чогу жашадык, анын боорукерлиги, тууганчылдыгы биздин үй-бүлөдө бийик бааланчу. Күнүнүн дээрлик жарымынан көбүн жумушунда өткөрсө да, уул- кыздарыбызга татыктуу таалим тарбия берди. Иши менен жеке жашоосун эң мыкты денгээлде алып жүрчү” – дейт жолдошу.

Екатерина Саламатовнанын 1976-жылдан бери аталган 6-шаардык оорукунада эмгек өтөгөнү куру өткөн да эмес. Бир далай шакирттерди тарбиялап, кесиптештеринин алдында баркы бийик болгон. Илдеттин өлкөгө кирип келген кезинен баштап эле Мусаева Екатерина кызматында болуп. Өзү кантип ооруну жугузуп алганын да капарга албай, оорулууларды кабыл ала берген дейт кызы: “ Алгачкы COVID 19ду жуктуруп алгандар ооруканага келип жаткан убакта, апам ооруну жуктуруп алган экен, ал убактагы чыңалып турган маалда апам өзүн карап, үйдө да жатып албаптыр. Ага чейин төрт-беш жолу ПЦР анализин тапшырганда таза чыгып келген” дейт улуу кызы.

Өмүрүнүн жарымынан көбүн кызматына арнап, акыркы күндөрүн да иш ордунда жүрүп өткөргөн каарманыбыздын баркы тилекке каршы 6-шаардык оорукананын жетекчилиги тарабынан татыктуу бааланган эмес. Атыгүл илдетти ооруканадан жуктурган эмес. Биздин тиешебиз жок деп да айтышкан. Алардын мындай мамилеси Екатерина Саламатовнанын үй-бүлөсүнө катуу тийген.

“Мени бир гана учур түйшөлтүп жатат. 6-шаардык оорукананын жетекчилиги апамдын өлүмүн өздөрүнөн оодара салып, кайра апама түртүп жатканы абдан өкүнүчтүү болууда. Жок дегенде көңүл айтып, канчалык бир деңгээлде болсо да жоопкерчиликти сезишет деп ойлогом. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Эмнегедир алар өздөрүнө кичине болсо жоопкерчилик алып, татыктуу кадамдарга баруудан качып жаткандай” дейт кызы.

Ооруканада жарым кылым кызмат өтөө оңой түйшүк эмес. Мындай өлкө үчүн арналган жылдар дегеле оорукана жетекчилиги тарабынан гана эмес, мамлекет тарабынан да бийик бааланышы турган иш.

Макала жактыбы?

НетДа
7
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: