Майыптыгына карабастан спорт жаатында ийгиликке жетишкен Арстанбек (Видео)

418

Өзүнүн, жубайынын да майыптыгына карабай эки баланы багып өстүрүп, спорт жаатында да ийгиликтерди багындырып жаткан Арстанбек жакында  Швейцарияда өткөн мелдеште спорттун бир эмес, эки түрү (найза ыргытуу, ядро түртүү) боюнча биринчи жана үчүнчү орунду камсыздап келген. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу билдирди.

Анын айтымында Арстанбек Японияда өтүүчү Дүйнөлүк XVI паралимпиадага дал ушул спорттун эки түрүндө кыргыз элинин намысын коргоо үчүн жолдомо алганы турат.

Андыктан күбө, майыптыгына карабастан Кыргызстандын туусун көтөрүп, намысын коргоп жаткан ушундай эр азаматтарга кыргыз элин колдоо көрсөтүп, дем берип коюуга чакырат:

“Туда миллион, сюда миллион” деген кептер. ” Баланча жеп коюптур, түкүнчө эркекче деп коюптур, эр экен, элде жок шер экен” деген ашыкча мактоолор, же апыртма жектөөлөр. А чыныгы баатыр, анык азамат шерлер кошомат менен өзөк жалгаганды мындай кой, өлкөгө колодон алтына чейин ташып келип, элдин намысын коргоп атышат.

Кечээ жакында Швейцарияда өткөн мелдеште спорттун бир эмес, эки түрү (найза ыргытуу, ядро түртүү) боюнча биринчи жана үчүнчү орунду камсыздап, эми быйыл Японияда өтүүчү Дүйнөлүк XVI паралимпиадага дал ушул спорттун эки түрүндө кыргыз элинин намысын коргоо үчүн жолдомо алганы турат.
Бөлөк элдин спортчуларына кылган камкордугун көрүп көзүң күйөт, биздикине ичиң ачышат. Мамлекет го мейли. Анын шылтоосу даяр, кылаарга башка иши толтурадыр. А менин ичим ооруганы ушундай жигиттерибиздин жетишкендигин эч болбосо жарыялап, куттук айтып, дем берип койбогон массалык маалымат каражаттарынын көңүл коштугунда. “Ап-п” – десе миллиондоп жуткан “АЛигарх” агаларыбыздын мартсыздыгында. Болбосо, караңызчы, тагдырдын сыноосуна сынбай, эсен-соо жетпеген бийиктиктерди багындырып аткан Астанбектин турмушун, турак-жайынын абалын. Өзүнүн да, жубайынын да майыптыгына карабай эки баланы багып өстүрүп атышат ушул абалында. АЗАМАТ ЭКЕНСИҢ АРСТАНБЕК! АЗАМАТ ЭКЕНСИҢ! Жараткан сага күч-кубат берсин, иним! Тайманба, тайсалдаба! Көңүлүңдү спорттон суутпа, а көр турмушуңду көптөп ийээрбиз. Эл-журт бар эмеспи. Кайра эле карапайым эл жардам колун сунаар.
Баса, материалдык же маралдык каалоо-тилектериңиз, куттуктооңуз болсо Арстанбектин өзүнө 0557194949, +996770373370 (вотсап) байланышыңыз. Баатырдын көңүлүн көтөрүңүз, дем бериңиз!
(Достор, ушул видеону бөлүшүп коюңуздарчы, баатырды баары таанысын!)”, -деп пикир калтырган ал.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь