Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев эмнени жашырып жатат?

222

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмоктогу жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаргандан кийин, бул шаарларда мэрлерди алмаштыруу маселеси курч болуп калды. Ал эми Бишкек жана Токмок шаарларында талапкерлер белгисиз болсо, Ошто жалпыга маалымдоо каражаттарына белгилүү болгондой, Таалайбек Сарыбашевдин ордуна 34 жаштагы Мирлан Аматбеков келиши мүмкүн экени айтылды.

Эскерте кетсек, Таалайбек Сарыбашев 2018-жылдын 18-июлунда мэр болуп шайланган. Ал үчүн бул карьералык өсүш болгон.

Мындан тышкары, Ош шаарында 2016-жылы июнь айларында өткөн эл аралык “Этномаданият” фестивалында жамгыр жаап жаткан учурда кол чатырын артындагы кишиге карматып отурган чиновниктердин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланган. Анда Сарыбашевдин дагы сүрөтү жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылган. Социалдык түйүндөрдө чиновниктерди шылдыңдоо максатында кол чатыр кармаган флешмоб дагы жайылган.

Кийинчерээк, ал гезиттерге бир нече маектерди берип, жогорудагы окуя боюнча жооп берген.

«Ошол учурда мен кол чатырымды вице-премьер-министрге тапшырдым. Анын өзүндө кол чатыр болгон эмес. Ошол мүнөттөрдө мен ырды угуп отурдум, алар кантип арттан чыгып, менин үстүмө кол чатыр көтөрүп алышкандыгын байкабай калдым. Муну байкаарым менен аны алып салууну сурандым », – деп түшүндүргөн « Азия ньюс »гезитинин журналистине.

Кол чатыр окуясынан кийин, Сарыбашев ээлик кылган мүлк тууралуу журналист Актилек Капаров  өз иликтөөсүн Болот Темировдун “Темиров LIVE “каналында жүргүздү.

Журналист Актилек Капаровдун иликтөөсүнө ылайык, Таалайбек Сарыбашев өзү үчүн укмуштуудай хан сарайларды курган бай-манаптардын катарын толуктаган.

Анын айтымында Сарыбашевдин кыймылсыз мүлкү Матраимовдун сарайына салыштырмалуу бир кыйла кымбат турат.

Мындан сырткары, март айынын башында социалдык тармактарда видеотасма пайда болуп, анда түштүк мэринин Бишкектеги ири кыймылсыз мүлкү жөнүндө айтылган. Бирок Ош шаардык мэриясы бул маалыматты төгүндөөгө шашылган.

Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы “Регион” телеканалына мындай жалган маалыматты мэрдин кара ниет адамдары таркатып жаткандыгын жана Сарыбашев өзү андай байлыкка ээ эмес экендигин айткан. Бирок практика көрсөткөндөй, чиновниктер байлыктарын, үйлөрүн жана унааларын жакын туугандарына тагыраагы ата-энелерине же эже-карындаштарына жок дегенде аялдарынын атына жаздырып коюга шашылышат. Сарыбашев өзү мамлекеттик резиденцияда жашайт, ал жерде анын каалоосу боюнча сапаттуу ремонт жасалган. Бул үчүн бир нече тендер дагы өткөрүлгөн.

Эмне үчүн шаар башчыларынын ишине, айрыкча ири шаарлардын башчыларынын каржылык абалына көңүл буруу өтө маанилүү? Чындыгында мэрлер айлыкка иштеген муниципалдык кызматкерлер. Ошол эле учурда, шаар мэрлери  шаарлардын кожоюну деп аталып, алар толук бийликке ээ болушат.

Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашев чындыгында шаардын ээси. Балким, ошондуктан ал жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо административдик ресурсту пайдаланууга жол бергендир?

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь