Үч шаардагы – Бишкек, Ош жана Токмоктогу жергиликтүү кеңештерге депутаттарды кайрадан шайлоо мамлекеттик казынага 100-200 миллион сомго жакын чыгым келтирет. БШКнын пикири боюнча, кайрадан шайлоо өткөрүү зарылчылыгы келип чыккан. Анткени 2011-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда ушул үч шаарда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алган. “Eldik.media” маалымат агенттиги окурмандарынын арасында сурамжылоо жүргүзөт:
