“Улуу Журт” партиясынын төрагасы: “Ош шаарынын мэрин иштен кетишин талап кылабыз!” (Видео)

526

“Ош шаарынын мэри Оштогу жергиликтүү кеңештерге депуттарды шайлоону туура эмес өткөргөндүгү үчүн, иштен кетишин талап кылабыз!”. Мындай пикирин “Улуу Журт” саясий партиясынын төрагасы Мирлан Орозбаев видео кайрылуу аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 11-апрелде Ош шаарында өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо бир мандем бар.

“Ош шаардык кеңешке депутат болуп барыш үчүн, мэриядан өтүп барып андан кийин депутат болосуң! Социалдык тармактардан Оштун мэри гүлдөтүп жатат деп жазып жатасыңар, бирок ушу кадр маселеси гүлдөбөй жатат. Азыркы бийликке отургандар же ага жооптуулар моралдык фактыны таап чыгып, жергиликтүү кеңештерге депуттарды шайлоону чокко чыгарды. Бирок ага чейин Ош шаарынын мэри, шайлоо аябай таза өттү деп айтты эле? Эми кимисиники туура деген суроо жаралып жатат? Чындыгында чындык бирөө эле болот! Эки адам сүйлөп жатат, бирөөсү мэр, ал айтып жатат шайлоо жакшы, таза өттү деп, ал эми Бишкектеги комиссия айтып жатат туура эмес өттүү деп…Мына ушул жерде мандем, башаламандык бар! Буга чейинки бийлик, туура эмес иштеди деп иштен кеткендей, Ош шаарынын мэрин кечээги Оштогу шайлоону туура эмес өткөрдү деп, иштен кетишин талап кылабыз! Кечээги Оштогу шайлоодо 13 500 000 млн сом кетиптир, бул албетте казынанын акчасы. Казынанын акчасы кантип чогулат? Ал жөнөкөй жарандарга салынган  салыктан көбөйүп чогулат. Ошол чогулган акча, Оштогу Ак үйдүн туура эмес иштегенинин айынан, асманга учуп кетти. Эми жакында кайрадан өтүүчү шайлоого, дагы 13 500 000 млн сом кетет!”,- дейт Орозбаев.  

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалар Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев кызматынан алынары тууралуу жазып чыгышып, ордуна 34 жаштагы Мирлан Аматбеков дайындалары айтылган.

Буга башкы себеп катары Ош шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгын жокко чыгарылганы жана 11-апрелде өткөн шаардык кеңештин шайлоосунда административдик ресурс колдонулганы себеп болгон. Ошондой эле өткөн жылдын октябрында анын үстүнөн бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык каты жиберилген.

Мындан сырткары, 7 партиянын өкүлдөрү мэрди иштен алуу өтүнүчү менен кайрылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь