Азамат Арапбаев өз кишисин Ошко мэр кылганы жатабы?

256

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарбашевдин кызматтан кетишине саналуу күндөр калдыбы? Акыркы убакытта 11-апрелде өткөн шайлоо боюнча, Ош шаарынын мэрине нааразы болгондор көбөйүп, саны артууда. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, Ош шаарынын мэри кызматынан алынып, анын анын ордуна 34 жаштагы Мирлан Аматбеков келет. Бирок бул бул маалыматты Ош шардык мэриясынын басма сөз кызматы четке каккан.

Ал эми ЖКнын депутаты Азамат Арапбаев өз кишисин аталган кызмат ордуна коюуну пландап жактаны айтылууда. Ал өзүнүн цемент заводунда иштеп кеткен кишисин Ош шаарынын мэрлигине чейин көтөрүп жаткандыгы жана жакынкы күндөрү максатына жетиши мүмкүн экендиги маалымдалды. Бул тууралуу Фейсбуктагы “Мекеним ОШ” баракчасында жарыяланды.

“Жакында эле ЖКнын депутаты Азамат Арапбаев өз кишисин Ош шаарына мэрлик кызматына коюуну пландап жактаны белгилүү болду. Ал өзүнүн цемент заводунда иштеп кеткен кишисин Ош шаарынын мэрлигине чейин көтөрүп жаткандыгы жана жакынкы күндөрү максатына жетиши мүмкүн экендиги айтылууда.
Оштун мэри Таалайбек Сарыбашевдин ордуна Азамат Арапбаев цемент заводунда иштеп кеткен өзүнүн кишисин түртүп жатканы, максатына жетишээрин эшиттик. Бир катар өкмөттөгү таасирдүү кызматтарга өз адамдарын койдуртуп, бизнес долбоорлорго жетишкен депутаттын доору жүрүп турган кез. Арапбаев кайсы бийлик келбесин тилин таап, берчүсүн берип, эбегейсиз баратканы кандай? Асмандан жерге түшө турган күнү келсе керек .
Белгилүү болгондой, ал Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атын жамынып, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун беделине доо кетирген иш-аракеттерге жол берүүдө. Атамбаевдин убагында Азамат Арапбаев өзүнүн бизнес-империясын сактап калуу үчүн Араван цемент заводундагы үлүшүнүн бир бөлүгүн Сапар Исаковго өткөрүп берген. Ошондой эле Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жетекчилиги астында “КСД” саясий партиясын Арапбаевдин толугу менен каржылагандыгы жөнүндө маалымат бар. Арапбаевдин бир тууганы Султан Абдуллажанов (No11 тизмеде) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ушул партия менен ат салышкан. Мындан сырткарыал “Басыз Строй” курулуш компаниясынын башчысы экени айтылат. Азамат Арапбаевдин агасынын уулу “Республика” саясий партиясын каржылайт. Анткени анын тууганы Асель ушул партияда (No20 тизмеде) талапкерлигин койгон. Ошондой эле, Арапбаевдер кланы «Ата Журт-Кыргызстан» партиясын каржылагандыгы жөнүндө дагы далилдер бар, анткени парламенттин депутатынын дагы бир жакыны Тилек Аким (тизме №7) катталган.
Айрым маалыматтарга караганда, Азамат Арапбаев азыркы бийликти колдогондой түр көрсөтүп, ошол эле учурда жогоруда айтылган оппозициялык саясий партияларды каржылап, жашыруун оюндарды ойноп келет. Эмне үчүн Арапбаевдин мындай оюну УКМК менен ИИМдин көз жаздымында калып жатканы, табышмак бойдон калууда”.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь