Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 6 адам COVID-19 вирусунун кесепетинен каза тапты. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, бири Чүй облусунда, бири Талас облусунда катталган.
Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 24-майдагы маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 1757 адам коронавирус менен пневмониядан көз жумду.