Таалайбек Сарыбашев шайлоодо админресурс колдонулганы үчүн жооп береби? (Видео)

325

Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды кайрадан шайлоо, ушул жылдын 18-июлунда же 25-июлунда өтөрү айтылууда. Буга чейин БШК ушул үч шаардык кеңеште 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапканы белгилүү.

Эске салсак, Оштогу Аймактык шайлоо комиссиясына жана Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы шайлоо учурунда мыйзам бузуулар жөнүндө 170 арыз- даттануулар, кайрылуулар келип түшкөн. Алардын 23ү шайлоодон тышкаркы күндөрү катталса, 52си добуш берүү күнү катталган.

Ош шаарында шайлоо күнү мыйзам бузуулар орун алган учурлар, “YouTube” каналга  жарыяланды.  Жергиликтүү кеңештерге депуттатарды шайлоодо мыйзам бузууларды төмөндөгү видеодон көрө аласыз:

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн жумада күтүүсүз чечим кабыл алып, ушул жылдын 11-апрелинде өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан. Анткени көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганы маалымдалып, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы, участкалык шайлоо комиссиялары жана жергиликтүү бийлик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, өз билемдик менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы иш алып барышканы айтылган.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь