“Бишкек башкы архитектуранын” башчысы кызматынан бошотулду

234

Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы, борбор калаанын башкы архитектору Марат Жороев жана анын орун басары Анна Тренина кызматтан бошотулду. Бул тууралуу “Спутник кж” маалымат агенттиги аталган мекемеден билдиргенин жазып чыкты.

Ведомствонун маалымат кызматы жана алар баш ийген Мамлекеттик курулуш агенттиги азырынча комментарий бере элек.
Марат Жороев бул кызматка үстүбүздөгү жылдын январь айында дайындалган, ага чейин жетекчинин орун басары болуп иштеп жаткан.

Белгилей кетсек, анын мурдагы жетекчиси Асхат Түлөбердиев коррупцияга айыпталып кармалып, кийин үй камагына чыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь