Жарандарды арзан үйлөр менен камсыз кылуу максатында Кыргызстанда жаңы турак-жай программасы иштелип чыкты. «Менин үйүм 2021-2026” программасы президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.
Жаңы турак-жай программасын ишке ашыруу максатында жакынкы 5-6 жылда МИКтин турак-жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд. сом акча каражат тартылып, болжол менен 800 000 чарчы метр турак үй курулат. Мамлекеттик турак жай программасына, буга чейин негизинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине катышса, мындан ары мамлекеттик турак жайды каржылоо механизмдери өлкөнүн бардык жарандарына бирдей шартта жеткиликтүү болот. Ипотекалык насыялар жана ижаралык төлөмдөр боюнча ай сайынкы төлөмдөрдү кыскартуу максатында бюджеттик эмес каражаттарды тартуу шарттарына ылайык, ижара жана ипотека насыясынын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат. Дүйнөдө кеңири колдонулуп жаткан исламдык принциптери боюнча турак жай каржылоонун альтернативдүү механизмдери кирет.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: