Бүгүн, 25-майга караган суткада Кыргызстанда дагы 298 адам COVID-19 (коронавирус жана пневмония) илдети менен катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айура Акматова билдирди.
Алар:
– Бишкек шаарында 144 адам;
– Ош шаарында 23 адам;
– Чүй облусунда 86 адам;
– Ысык-Көл облусунда 18 адам;
– Нарын облусунда 13 адам;
– Ош облусунда 7 адам;
– Жалал-Абад облусунда 5 адам;
-Талас облусунда 2 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 103 миң адамга коронавирус жуккан.