Бишкекте эки жашар баланы батирге камап кетишкен

201

Бишкекте эки жашар баланы батирге камап кетишкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Куткаруу кызматына Скрябин көчөсүндөгү батирлердин биринин эшиги жабык экендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн. Эшикти ачып, куткаруучулар батирден эки жашар баланы табышты. Бала уктап жаткан. Ал энесине тапшырылды. Бала медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болгон эмес », – деп билдиришти департаменттен.

Учурда милиция кызматкерлери баланын батирге жалгыз калганынын себептерин иликтеп жатканы белгиленди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь