Издөөдө жүргөн Сапар Исаков учурда Москвада баш калкалоодо

346

Издөөдө жүргөн экс-премьер-министр Сапар Исаков учурда Москвада жашап жатат. Бул тууралуу “eldik.media” маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Эске салсак, Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин тушунда карьера жасаган,  адегенде ал тышкы саясат бөлүмүн президенттин аппарат башчысынын орун басары бөлүмүн жетектеген, андан кийин премьер-министр болгон. Кыска убакыттын ичинде Исаков мурунку мамлекет башчынын ишенимине кирип, анын “оң колу” болуга жетишкен.

Бирок, Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн башкы кызматына келгенден кийин, Исаковдун карьерасы тездик менен кулай баштаган.

Исаков 2019-жылы Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупция боюнча айыпталып, 15 жылга кесилген. Кийинчерээк экс-премьерге Тарых музейин жана Чолпон-Ата ипподромун реконструкциялоодо коррупция боюнча айып тагылган. Жалпысынан ал 18 жылга эркинен ажыратылды.

Исаков жазасын Молдовановка айылындагы No27 түзөтүү колониясында өтөп жаткан.
5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон нааразычылык акцияларында алар башка соттолгон саясатчылардай эле бошотулуп кеткен. Бирок, андан кийин айрым саясатчылар кайрадан камакка алынып, экс-премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимов издөөгө алынган.

Исаков маал-маалы менен адвокаты же социалдык тармактар ​​аркылуу өзү жөнүндө жаңылыктарды берип турат.

Ошондой эле кечээ, Исаков менен депутат Азамат Арапбаевдин Стамбулда жашыруун жолугушуусу белгилүү болду.

Мындан сырткары социалдык тармактарда “Исаков кийинки президент болот” деген тактала элек маалыматтар таркалып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, эгер Исаков президенттике келсе, “баш ийген президенттердин” катарын толуктайт деп сыпатташып,  каражат салууга даяр кызыкдар күчтөр бар экени айтылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь