Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов УКМКга суракка чакырылганын АКИпресс агенттигине бүгүн, 26-майда булактар билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мыйзамсыз баюуга байланышкан кылмыш иштин алкагында күбө катары чакырылган.
А.Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп 2018-жылдын августунан тарта 2020-жылдын октябрына чейин эмгектенди.