Кыргызстандын аймагында бүгүн, 27-майга караган суткада дагы 376 бейтап коронавирус менен катталды.
Алар:
– Бишкек шаарында — 238 адам;
– Чүй облусунда — 66 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 21 адам;
– Ош шаарында — 17 адам;
– Ош облусунда — 14 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 9 адам;
– Нарын облусунда — 5 адам;
– Талас облусунда — 4 адам;
– Баткен облусунда — 2 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери жалпы 103 538 адам коронавирус жана пневмония менен катталды.
Акыркы суткада 8 бейтап көз жумган.