Партия лидерлери Сарыбашевдин токтоосуз түрдө ээлеген кызматынан бошотулушун талап кылышты

2 968

Кыргызстан дүйнө коомчулугуна өзүнүн табиятынын кооздугу, туризми, улуттук тамак-аштары жана каада-салттары менен эмес, ар бир алты айда же бир жылда бир жолу ар кандай масштабдагы өтүүчү шайлоосу менен таанымал болууда.

Бирок, ошол эле учурда шайлоо болуп өткөнү менен жогору жагында тургандар гана алмаштырылып, калгандары дээрлик өзгөрүүсүз калууда. Андыктан алардын жыл сайын таасирилери артып, кулачы кеңири жайылып жатканын баамдоого болот.

Ошондой эле биздин мамлекетте эки шаар ири бюджетти түзөрү белгилүү. Алар Бишкек жана Ош шаары. Ал эми Бишкек шаарында мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов болсо, өзүн Оштун кожоюну катары эсептеген Таалайбек Сарыбашев.

Эскерте кетсек, БШК Ош шаардык кеңешине шайлоону көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганына, анын ичинде административдик ресурстарды колдонулганына, паракорчулукка, шайлоочуларды мыйзамсыз массалык түрдө каттоосуна байланыштуу жокко чыгаруу чечимин чыгарган.

Ушул жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө жети саясий партиянын лидерлери шайлоо өнөктүгүндө болгон мыйзам бузуулар боюнча күчтүү далилдерди топтошконун белгилешкен.

Ошондой эле партиянын лидерлери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго кайрылуу жолдошуп, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевди кызматынан алуусун өтүнүштү.

Кайрылууда 2021-жылдын 11-апрелинде Ош шаардык Кеңешине болуп өткөн шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлери жана тарапташтары  тарабынан болуп көрбөгөндөй мыйзам бузууларга жол берилгенин маалымдашып, мунун башында Ош шаарынын мэри Т.Н.Сарыбашев тургандыгын, ал мамлекеттик жана муниципалдык  кызматтардын жетекчилерине, алардын кызмат адамдарына, Аймактык башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин жетекчилерине, үй башкармалыктардын башчыларына чейин түздөн-түз көрсөтмө бергенин, “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясын  бир жактуу колдоп, добуштарды сатып алуу, коркутуп-үркүтүү, шайлоочуларды кошумча каттоо сыяктуу административдик  ресурстар колдонулганын белгилешти.

Мындан сырткары, партия лидерлери 2020-жылдын 4-октябрындагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги Ош шаардык Кеңешине болгон шайлоолордун ыплас өтүүсүнө Т.Сарыбашевдин түздөн-түз тиешеси бар экендигин билдиришип жана анын негизинде  Республикалык бюджетке 27,7 млн сом зыян келтирилгенин кошумчалашты.

Алардын айтымында, карапайым эл Ош шаардык Кеңешине болгон шайлоонун жокко чыгарылышы саясий оюн катары атайылап жасалган деп кабыл алышууда.

Андыктан бул аракет Т.Сарыбашевдин Асылбек Жээнбеков менен мурдагы биргелешкен кылмыштуу иш-аракеттерин жабуунун ыкмасы  катары түшүнүүгө болот дейт партия лидерлери.

Төмөндө партиянын лидерлери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго кайрылуусу:

Кыргыз Республикасынын Президенти

Жапаров С.Н.                                                                    

Кыргыз Республикасынын     Коопсуздук Кеңешинин катчысы

Иманкулов М.М.

         Урматтуу Садыр Нургожоевич!

         Урматтуу Марат Муканович!

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан  “Бир бол”, “Улуу Журт”, “Ишеним”, “Улуттар биримдиги элдик партиясы”, “Республика” жана “Бүтүн Кыргызстан”, “Тилектештик”  саясий партиялары төмөндөгү маселе менен кайрылабыз:

2021-жылдын 11-апрелинде Ош шаардык Кеңешине болуп өткөн шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлери жана тарапташтары  тарабынан болуп көрбөгөндөй мыйзам бузууларга жол берилди. Мунун башында  Ош шаарынын мэри Т.Н.Сарыбашов туруп, ал мамлекеттик жана муниципалдык  кызматтардын жетекчилерине, алардын кызмат адамдарына, Аймактык башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин жетекчилерине, үй башкармалыктардын башчыларына чейин түздөн-түз көрсөтмө берип, “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясын  бир жактуу колдоп, добуштарды сатып алуу, коркутуп-үркүтүү, шайлоочуларды кошумча каттоо сыяктуу административдик  ресурстар колдонулду.

2020-жылдын 4-октябрындагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги Ош шаардык Кеңешине болгон шайлоолордун ыплас өтүүсүнө Т.Сарыбашовдун түздөн-түз тиешеси бар жана анын негизинде  Республикалык бюджетке 27,7 млн сом (14,5 млн, 13,2 млн. тиешелүү түрдө) зыян келтирилген.

Карапайым эл Ош шаардык Кеңешине болгон шайлоонун жокко чыгарылышы  саясий оюн катары атайылап жасалган деп кабыл алып жатат. Бул аракет Т.Сарыбашовдун Асылбек Жээнбеков менен мурдагы биргелешкен кылмыштуу иш-аракеттерин жабуунун ыкмасы  катары түшүнөбүз. Учурда Таалай Сарыбашов ар кандай жолдор менен жоопкерчиликтен качуу жана өзүнүн ээлеген кызматын сактап калуу максатында өз креслосуна жабышууда. Эгерде Т.Сарыбашов кызматынан токтоосуз түрдө алынбаса,  кийинки өтүүчү шайлоолор да таза өтпөшүнө көзүбүз жетип турат жана Сиз жүргүзүп жаткан таза саясатка өз кедергисин катуу тийгизет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, биз саясий партиялардын өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун токтоосуз түрдө ээлеген кызматынан бошотулушун жана ага карата кылмыш ишинин козголушун талап кылабыз.”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь