Баткен окуясында каза болгон үч чек арачы “Эрдик” медалы менен сыйланат

201
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Аскердик парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн курман болгондон кийин төмөнкү аскер кызматчылары сыйланды:
— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Манасбек уулу Нурсултан;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Давлатбекович.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь