Жогорку Кеңешке мандат тапшырган “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматовдун ордуна экс-айыл чарба министри Нурбек Мурашев келет. Бул тууралуу партиянын катчылыгы билдирди.
Пирматов өз ыктыяры менен депутат болуудан баш тартканы такталды.
Нурбек Мурашев Айыл чарба министрлигин 2016-жылдан бери жетектеп келген. 2014-жылы “Республика” фракциясынан депутат болгон.