Баткенде эки бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди (Сүрөт)

110

Бүгүн 29-майда, Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы “Элдик Медиага” билдирди.

Маалыматка ылайык, Салтанатка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана АРИС уюмунун аткаруучу директору Бекжан Супаналиев баш болгон аталган уюмдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты. Балдар бакчаларынын курулушу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн 14млн сом каржыланып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом салым болгон. Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн, АРИС уюму тарабынан 11млн сом каржыланып, айыл өкмөтү жана жергиликтүү коомчулуктан 1 797 164,84 сом салым кошулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь