Ош шаарынын мэри Сарыбашев көмүскөдө калганбы?

652

27-28- майдагы өлкө башчынын түштүк аймактарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө, 11-апрелдеги шайлоодо башаламандык уюштурган Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевке көңүл бурулбай, көмүскөдө калганбы? Бул туурасында социалдык тармактар аркылуу Ош шаарындагы маселелерди чагылдырып келген  “Мекеним Ош” баракчасында айтылды.

Текст өзгөртүүсүз берилет:

“Президент Садыр Жапаров соңку кырдаалдарга байланыштуу (ред: Баткен окуясы) өлкөнүн аймактарына үзгүлтүксүз иш сапарын жасоодо. Жапаров чек арадан жабыр тарткан жарандардын көйгөйүн угуп, карапайым калк менен түз байланышта болуп жатканы маалым. Жакында эле, тагыраагы үстүбүздөгү жылдын 27-майында өлкө башчы Ош жана Баткен олбустарына иш сапары менен барып кайтты.

Иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Баткен районунун чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, аскер бөлүктөрүнөн кабар алды жана жергиликтүү тургундар, аскер кызматчылары менен баарлашты.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Өлкө башчы бардык жолугушууларды Баткен облусунда өткөргөндөн соң, Ош шаарына болгон иш сапарын мүмкүн болушунча чектеп, көпкө убакыт сарптаган жок. Президенттин графигине ылайык, бул иш сапар Баткен жана Ош шаарына арналган. 11-апрелдеги шайлоонун жүрүшүндө башаламандык уюштурган Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен маектешүүнү Жапаров каалаган жок. Ошондуктан, президенттин уюштуруучулары ал жердеги активисттер менен жолугушуу өткөрүүнү пландаган эмес. Чек ара кызматкерлерине берилип жактан жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн ачылышында, кызыл лентаны кесүү учурундагы сүрөттөрдө Сарыбашев арткы фондо калып, көзгө көрүнбөйт.

Бул факт мамлекет башчысынын түштүк мэрине болгон ишенимин жоготконун жана анын бул кызматтагы күндөрү саналуу болуп калгандыгын айгинелейт”, -деп жазылды.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар Ош шаарынын учурдагы мэри кызматынан алынары тууралуу жазып чыгышып, анын ордуна 34 жаштагы Мирлан Аматбеков келери айтылган. Бирок бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы четке каккан. Ошондой эле, издөөдө жүргөн экс-премьер-министр Сапар Исаков менен байланышы бар деп айтылып жүргөн депутат Азамат Арапбаев дагы өз кишисин мэрдин кызмат ордуна коюуга аракет кылып жатканы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, партиянын лидерлери, тагыраагы  “Бир Бол”, “Улуу Журт”,  “Улуттар Биримдиги”, Республика”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Тилектешик” партиялары 2021-жылдын 11-апрелиндеги өткөн Ош шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгү 2020-жылдын 4-октябрындагыдай дагы кайрадан кайталанып, андан да ыплас, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуулар менен өткөндүгүн  белгилешип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан.

Кайрылууда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген Ош шаардык мэриясы тарабынан болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуу аракеттери болгону айтылган.

 

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь