Улукбек Марипов “Минск трактор заводуна” барды (Сүрөт)

146

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарына иш сапарынын алкагында Минск трактор заводуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал заводдо чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты.

Улукбек Марипов биздин өлкөдө Беларус тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.

Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Чынгыз Айтматов атындагы паркта болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь