Депутат саламаттык сактоо министрине: “Парламент, же сиз кетишиңиз керек”

216

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов 31-майда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин сынга алды.

“Сиз эми президенттин артына туруп алып күчкө салып жатасыз да. Парламентти тоготпойсуз, жыйындарга келбейсиз. “Керек болсо парламентти кетирем” дейсиз. Бирок бул убактылуу. Мен үч чакырылышта депутат болуп сизден чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм бирок аягы жакшы бүткөн жок. Парламент, же сиз (Алымкадыр Бейшеналиев) кетишиңиз керек. Депутаттар, биз ушуга келишибиз керек”, -деди эл өкүлү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь