Депутат Төрөбай Зулпукаров “Кумтөр” иши боюнча УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, 2013-жылы Төрөбай Зулпукаров КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев Кумтөр боюнча суракка алынган. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду дагы суракка алгандыгы белгилүү болду. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы суракка чакырылды.