Баткенде чек арачы атылган октон каза болду

510
Бүгүн, 1-июнда Баткен районунда Самаркандек айылында кыргызстандык чек арачы атылган октон каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, эки чек арачынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири экинчисин атып жиберген. Андан кийин өзүн да атып, жаракат алган. Атылган ок тийген чек арачы каза болгон. Жарадар болгон чек арачы ооруканага жеткирилди.
Кийинчерээк такталгандай, окуя саат 15:30 чамасында болгон. Самаркандектеги чек ара заставасында 2002-жылы туулган катардагы жоокер А. уулу А. кызмат өтөө учурунда чек ара кезметинин ефрейтору, 2001-жылы туулган С. уулу А.ны «Калашников» үлгүсүндөгү куралы менен белгисиз себептерден атып алган. Жыйынтыгында ефрейтор ок тийген жерде каза тапкан. А. уулу А. андан кийин өзүн оозунун алды тарабына ок атып оор жаракат алган. Ал азыркы учурда Баткен областык ооруканасына жеткирилди. Баткенде аскер прокуратурасына маалымат берилди.
Булак: www.turmush.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь