Мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов камакка алынган жок, деп билдирди «Tazabek» басылмасына жактоочусу Улан Дастан уулу.
Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Игорь Чудиновдун кармалганын жазышкан.
Улан Дастан уулунун айтымында, Чудинов УКМКга кечээ, 31-майда суракка чакырылган. Чудинов УКМКга саат 17:00 чамасында кирип кеткен жана ал жакта 2 сааттай болгон.
Жактоочу сурактын чоо-жайын айткан жок деп айтылат маалыматта.