Экс-депутат Талант Узакбаев камалды

149

31-майда бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев камалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары камакка алынды.

«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турарын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь