Бишкек мэриясы маршрутка айдоочулары иш таштаганына байланыштуу убактылуу төрт микроавтобусту ишке киргизди. Алар “Манас” аэропортуна тиешелүү автобустар.
“Маселе чечилгенче бул автобустар № 100 автобустун маршруту боюнча эл ташыйт”, — деп жазылат маалыматта.